Шайлоо: Жогорку сот Элдар Абакировдун арызын карайт

Элдар Абакиров

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо №26 округ боюнча талапкер болгон Элдар Абакиров Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанган. Арыз 17-декабрда караларын Абакиров “Азаттыкка” билдирди.

12-декабрда Бишкектин административдик соту талапкердин арызын карап, канааттандырган эмес. Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматова сотто бир топ жагдайларга көңүл бурулбаганын жана өтүнүчтөр канааттандырылбаганын айткан.

Элдар Абакиров 30-ноябрдагы шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айткан. Мындай мыйзам бузуунун чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастап, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Боршайком ошол эле күнү №26 округ боюнча да чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Медербек Саккараевди, Эркинбек Исеналиевди жана Жамила Исаеваны тааныган. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Саккараев 12 миң 82, Исеналиев 11 миң 656 добуш алган. Айым талапкерлерден Исаева 5 миң 784 добуш чогулткан. Элдар Абакировду 7 миң 242 шайлоочу колдоп, үчүнчү орунга чыккан.

Дагы караңыз

Мамлекеттик мекемелердин бирдиктүү порталы ишке кирдиFree Eurasia: 2025-жылы Украинада туткунга түшкөн борбор азиялыктардын саны эки эсе көбөйдү Айбек Теңизбайдын иши: адвокат бөгөт чараны өзгөртүү боюнча шаардык сотко кайрылатИИМдин Күзөт кызматынын башкармалык башчысы пара алууга шектелүүдөКыргызстан Мисирге элчилигин ачат