Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Орусия Кыргызстандан барган жашылча-жемишти киргизген жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси маалымдагандай, декабрдын башынан берки убакта орус-казак чек арасынан фитосанитардык тобокелчилиги жогору болгон жалпы 160 жүк ташуучу унаа текшерилген.

Жыйынтыгында Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиш менен күрүчтүн фитосанитардык документтери так эмес болуп чыккан. Ошондой эле унаада документте көрсөтүлбөгөн жашылча болгон.

Товардын документтери жарактан чыгарылып, жүк артка кайтарылган.

Россельхознадзордун маалыматына караганда, жыл башынан бери Орусия менен Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылынган 34 факт катталган. Жалпысынан 480 миң тонна азык-түлүк фитосанитардык талаптарга жооп бербегени үчүн Казакстанга жана Кыргызстанга кайтарылган.

Кыргызстандан Орусияга жүк ташыган ишкерлер жайдын аягынан тартып товары Орусияга кире албай, узун кезекте турганына даттанып келишкен. Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа казак-орус чегинде такалып калган.

Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын билдирген.

Орусия президенти Владимир Путин ноябрь айында Бишкекке келгенде жаңы жылдан тартып Орусиянын бажысы жүк ташуучулардан белгиленген бардык документтерди талап кыларын эскерткен.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG